Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун техникалык-экономикалык негиздемелерине коюлган талаптар

Новости
05-Январь 2021-ж.
3731

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин (ТЭН) түзүмүнө, мазмунуна жана тариздөөсүнө карата бирдиктүү талаптарды аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 141 буйругу менен ТЭНди иштеп чыгуу жөнүндө Жобо бекитилген. 

Аталган Жобонун максаты долбоорду ишке ашыруу алкагында сунушталган мамлекеттик колдоонун түрлөрүн жана көлөмүн аныктоо боюнча максатка ылайыктуу маркетингдик, техникалык-технологиялык, финансы-экономикалык, юридикалык, институционалдык, экологиялык жана башка чечимдер боюнча сунуштарды, оптималдуу долбоордук жана болжолдонгон чечимдерди, анын ичинде МЖӨ долбоорунун оптималдуу түзүмүн жана масштабын иштеп чыгуучуларга көмөктөшүү болуп саналат.

Жобо МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ТЭНди иштеп чыгууну демилгелеген бардык кызыкдар тараптар тарабынан колдонулат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу