Өкмөт 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүүнү сунуш кылды

Новости
31-Декабрь 2020-ж.
3380

2015-2020-жжЖеткиликтүү турак жай Программасынын алкагында ипотекалык кредит алган жарандардын карыз жүгүн азайтууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, 2020-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 416-б буйругу чыккан. 

Аталган буйрукка ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 1-январынан тарта 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген бардык ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ченди жылына 6-8 % ченге дейре кайра азайтуу сунушталат.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан учурдагы экономикалык кырдаалда, “МИК” ААКнын мурда берилген мамлекеттик ипотекалык кредиттери боюнча пайыздык чендердин жылдык 6% -8% чейин төмөндөшү, бардык мамлекеттик ипотекалык кредиттердин шарттарын теңдөө мүмкүнчүлүгүн берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу