“КР лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкуулоого алынды.

Новости
16-Сентябрь 2013-ж.
2420

Бүгүн Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин колдоосу алдында КР Экономика министрлиги менен бирге жана USAID РЕФОРМА долбоорунун колдоосу менен “КР лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкуулоого алынды, ага бизнестин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү да катышышты.

Бул мыйзам долбоору Экономика министрлиги тарабынан демилгеленип, биринчи окууда жактырылган жана бүгүнкү кароодо кеңири талкууланды. Бизнестин өкүлдөрү билдирген ой-пикирлеринен мыйзамды колдоо позициясы ачык көрүнүп турат. Алардын ою боюнча бул мыйзам долбоору абдан актуалдуу жана бизнес үчүн реалдуу шарттарды түзөт.

Мындан сырткары бизнес менен ар кандай сунуштар киргизилген, алардын белгилүү бөлүгү рационалдык негизге ээ. Мамлекеттик органдардан да өзүнчө сунуштар киргизилди.

Бизнеске жана мамлекеттик органдарга сунуштарын жазуу түрүндө киргизүү сунушталып, алар Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин жана КР Экономика министрлиги менен бирге коллегиялуу түрдө каралат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу