Баткен шаарында 28 ишкана менен өнөр жай зонасы курулат

Новости
25-Декабрь 2020-ж.
5559

Баткен облусу республиканын түштүк-батышында жайгашкан жана сейрек кездешүүчү өнөр жай потенциалына ээ. Кен иштетүү жана кайра иштетүү ишканаларын өнүктүрүүгө багытталган Баткен облусунун тоо-кен өнөр жайынын минералдык-сырьелук базасы пайдалуу кендердин айрым түрлөрүнүн, биринчи кезекте, сымап, сурьма, көмүр, кварц куму ж.б. өнөр жайын өнүктүрүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Баткен шаарында 28 ишкана менен өнөр жай зонасы курулат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-январындагы №617 токтому менен Баткен шаарынын Чет Булак кварталында жайгашкан 172,9 га айыл чарба жерлери “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган.

Өнөр жай зонасында төмөнкү объектилердин курулушу күтүлүүдө: индустриалдык соода-логистикалык борбору, ун тартуучу комбинат, курулуш материалдарын өндүрүүчү завод, бут кийим фабрикасы, жүн жана терини кайра иштетүүчү завод, таштандыларды кайра иштетүүчү завод, нефтебаза, тоо-кен комбинаты, жылуулук электр борбору, айнек жасоочу мини цех.

2000ден ашык жумушчу орундар түзүлөт, инвестициялар тартылат, экспорттун көлөмү көбөйөт. Шаардын инфраструктурасы жакшырат.

Учурда облуста 7 объекттин курулушу башталды. Бул текстиль фабрикасы, кургатылган жемиштерди кайра иштетүү жана сорттоо, касапкана, бетон буюмдары, логистикалык борбор, майдалоочу цех.

Баткен облусунун потенциалы жана анын өнүгүү динамикасы мындан да ири инвестицияларды тартууга жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Облусттун өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги милдети жергиликтүү сырьелук базасын натыйжалуу пайдалануу болуп саналат, бул облусттун төмөнкү экономикалык тармактарда мындан ары өнүгүшүнө түрткү берет: тоо-кен тармагы, курулуш материалдар өнөр жайы, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагы ж. б.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу