Аккредитациялоо жаатында эл аралык аудитор М.Киндлер КР ЭМге караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун компетенттүүлүгүн жогору баалады

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
2003

2020-жылдын 22-декабрында Кыргыз Аккредитация Борбору Германиянын Физика-Техникалык Институтунун (РТВ) долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Аккредитация Системасынын ички аудитинин жыйынтыгын алды. КАБдун ишинин ички аудитин аккредитация жаатында эл аралык аудитор Манфред Киндлер (Германия) ISO/IEC 17011:2017 16.11.2020-ж. 20.11.2020-ж. чейинки мезгилге карата болгон жаңы версияларынын талаптарына ылайык жүргүзгөн.

Иштин жыйынтыгында аудитор М.Киндлер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз Аккредитация Борборунун компетенттүүлүгүнө жогорку баа берди. Ички аудиттин жыйынтыгы боюнча, ККАнын ишинде карама-каршылыктар аныкталган жок, бул КАБ башкаруу тутумунун ишенимдүү жана натыйжалуу иштешин камсыз кылган ISO / IEC 17011: 2017 жаңы редакциясынын талаптарына шайкештигин далилдейт.

Аудитор М.Киндлер тарабынан даярдалган отчет 2021-жылдын март айына пландаштырылган КАБ баа берүүсүнүн алкагында аккредитациялоо боюнча Азия-Тынч океан бирикмесинин (Asia Pacific Accreditation Cooperation Incorporated, APAC) баалоочу тобунун кароосуна берилет, статусун тастыктоо үчүн APAC-MRA таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу