Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кырдаалдык борборунун расмий ачылышы болду

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
2648

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын базасында 2020-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин м.а. - А.Новиковдун, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Б.Алиевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинин, кызыкдар мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар - өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кырдаал борборунун расмий ачылышы болду.

Кырдаалдык борборду түзүүнүн негизги максаты - Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан бизнес-процесстерди санариптик форматка өткөрүү.

Кырдаалдык борбор төмөнкүлөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет:

- өтүүчү процесстерге мониторинг жүргүзүү жана моделдөө жана кырдаалдарды өнүктүрүүнүн сценарийлерин болжолдоо жана альтернативдүү чечимдерди иштеп чыгуу;

- маалыматтык ресурстарды, интеллектуалдык маалыматтык технологияларды жана маалыматты чагылдыруу каражаттарын колдонуу менен ыкчам чечимдерди иштеп чыгууну уюштуруу;

- белгиленген ченемдерден четтөөлөргө талдоо жүргүзүү жана ыкчам жооп кайтаруу;

- автотранспорт каражаттарын навигациялык пломбаларын колдонуп көзөмөлдөө, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасынын ишине талдоо жүргүзүү.

Ошондой эле кырдаал борборунда Call-борбор уюштурулган, анда ташылып келүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө маселелери боюнча ТЭИ катышуучуларына 0312 510651 телефону, ошондой эле телеграмм каналы жана МБКнын расмий сайты аркылуу онлайн консультациялар берилет.

Бул тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана бардык кызыкдар жарандарга керектүү маалыматты тез алууга мүмкүндүк берет.

Колл борбордун иштөө убактысы - жыл бою 24 саат иштейт.

Долбоор ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин, БУУнун кылмыштуулук жана банги заттар боюнча Башкармалыгынын, “Борбор Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү” программасынын Германиянын эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) колдоосу менен ишке ашырылды.

Бул борбордун иштөөсү, бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берип, ошондой эле бажы органдарынын ишинин оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртууга шарт түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу