КР Соода кызматкерлеринин күнүнүн биринчи жылдыгын майрамдоо үстүбүздөгү жылдын 6 – сентябрында өтөт.

Новости
04-Сентябрь 2013-ж.
2436

Соода секторунун Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымы, ошону менен бирге соода кызматкерлеринин мамлекеттин калкынын муктаждыгын канааттандырууда маанилүү ролу үчүн, КР Өкмөтүнүн 2013 - жылдын 20 - мартында №141 токтому менен профессионалдык майрам – Кыргыз Республикасынын Соода кызматкеринин күнү бекитилген, ал жыл сайын 8 – сентябрда белгиленет.

Ошентип, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолу соода кызматкерлеринин эмгеги чындыгында бааланып жана профессионалдуу майрам катары белгиленген.

Ушул окуяга байланыштуу, мамлекеттин Өкмөтү Кыргызстандын Базарлар, соода ишканалар жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөр ассоциациясы жана КР Экономика министрлиги менен бирге, соода секторунун мыкты ата-мекендик өкүлдөрүнө жана соода ардагерлерине сыйлык берүү менен бирге, соода кызматкерлеринин күнүнүн биринчи жылдыгынын майрамын өткөрөт.

Бул иш чарада КР Биринчи вице-премьер- министри Джоомарт Оторбаев, КР Экономика министри Темир Сариев, КР ЖК депутаттары, Бишкек шаарынын Шаардык Кеңешинин төр агасы, Бишкек шаарынын мэри, мамлекеттин соода – рыноктук комплексинин жана соода ишканаларынын өкүлдөрү, ММК катышышат.
КР Соода кызматкеринин күнүн майрамдоо 2013-жылдын 6-сентябрында саат 12:00 дө, «Космопарк» оюн зоок комплексинде №5 залында (7-кичи районунда) болуп өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу