Экономика министрлигинде уруксат берүүчү документтердин электрондук реестрин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Новости
26-Ноябрь 2020-ж.
2198

2020-жылдын 26-ноябрында министрлик тарабынан туризм тармагына өсүштү жана инвестицияларды тартуу боюнча IFC долбоору менен биргеликте уруксат берүүчү документтерди ишке ашырган мамлкеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда уруксат берүүчү документтердин электрондук реестрин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Аталган тегерек столго бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү видеоконференция режиминде катышышты.

Уруксат берүүчү документтердин электрондук реестрин иштеп чыгуу боюнча иш министрлик тарабынан Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы №288-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Финансы Корпорациясынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө Келишимдин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20-б буйругу менен бекитилген “Санариптик Кыргызстан 2019 - 2023” санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын 21-пунктун ишке ашыруу жүргүзүлөт.

Бул реестр ишкерлер жана инвесторлор үчүн бизнес жүргүзүү үчүн талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтери жөнүндө маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, жигердүү маалымат алуу жана бардык кызыкдар тараптар тарабынан ыңгайлуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Реестрге маалымат чогултуу уруксат берүүчү мамлекеттик органдар тарабынан анкета толтуруу жолу менен жүргүзүлөт. Маалымат чогултууну оптималдаштыруу, анкеталык суроолордун текстин жөнөкөй жана түшүнүктүү кылуу максатында Министрлик мамлекеттик органдар менен анкетанын форматын макулдашты.

Бүгүнкү күндө порталдын сырткы көрүнүшү иштелип чыккан жана жакында сунушталат.

Тегерек столдун милдети Эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте министрликтин ишине бизнес өкүлдөрүн маалымдоо жана мамлекеттик органдарды тартуу.

Уруксат берүүчү документтерди ишке ашырган мамлекеттик органдар бул ишке берилген уруксат кагаздары жөнүндө маалыматтар порталын толтуруу этабында катышат.

Ар бир мамлекеттик органда тийиштүү кызматкерлерди порталды толтуруу үчүн администраторлор катары бекитип берүү зарыл.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген уруксат берүүчү документтеринин бирдиктүү электрондук реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору иштелип чыккан, ага ылайык уруксат берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берилген уруксаттар жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртып туруусу керек.

Аталган долбоор бардык мамлекеттик органдар менен макулдашылат.

Буга байланыштуу, электрондук реестрди түзүү Экономика министрлиги тарабынан гана эмес, бардык кызыкдар мамлекеттик органдар тарабынан да жүргүзүлүшү керектигин белгилей кетүү керек.

Мында уруксат берүүчү документтердин электрондук реестрин түзүү автоматташтыруунун биринчи этабы болуп саналарын белгилей кетүү керек. Экинчи этапта уруксат берүүчү документтерди онлайн режиминде берүүнү киргизүү болжолдонууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу