Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент бекитилди.

Новости
25-Август 2013-ж.
2471

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, мамлекеттин Өкмөтүнүн токтому менен “Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент бекитилгендиги тууралуу маалымдайт.

Бул Техникалык регламенттин талаптары ветеринарияда колдонулган бардык өндүрүлүүчү (даярдалуучу) жана ташылып келүүчү (импорттолуучу) дары-дармек каражаттарына таркатылат.

Техникалык регламент төмөнкү максаттар үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган:
жаныбарлардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздугун камсыз кылуу; айлана чөйрөнү коргоо боюнча; продукциялардын керектөөчүлөрүн чаташтырууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу боюнча.

Техникалык регламенттин жоболорун ишке ашыруу колдонула турган ветеринардык дары-дармектердин коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул адамдын ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтат, оң социалдык-экономикалык натыйжаларды берет.

Техникалык регламент улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө», «Дары-дармек каражаттары жөнүндө», «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу