«Манас» эпосу – тарыхыбыздын, улуттук каада-салт, маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү.

Новости
20-Ноябрь 2020-ж.
3404

20-ноябрь күнү КР Экономика министрлигинин чоң залында маданияттын мыкты кызматкери, улуттук тил комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, манасчы, КТРКнын «Манас таануу» таймашынын башкы редактору Нурбек Талантбеков «Манас» эпосу экономика тармагында» аттуу кызыктуу теманы кызматкерлерге бир эсе жөнөкөй, бир эсе жеткиликтүү кылып ачып бере алды. Эпостогу өлкөнүн экономика саясатын жүргүзүүдөгү иш-аракеттерди таасын сүрөттөп берип, кызматкерлердин улуу эпоско болгон кызыгуусун арттырды.

Сөз кезегинде  Министрликтин статс-катчысы А.Ө.Шаршеев «Манас» эпосунун мамлекеттик тилге болгон салымы зор экендигин айтып, кызматкерлердин мамлекеттик тилди мыкты билүүсү иштин сапаттуу жүрүшүнө жакшы таасирин тийгизе тургандыгын, ушундай кызыктуу баарлашууларды, «Манас» эпосунун күнүн ар дайым үзгүлтүксүз уюштуруп туруу маанилүү экендигин баса белгилеп кетти. 

Жыйынтыгында бир сааттык лекция жогорку деңгээлде болгону, жана ар бир кызматкердин жүрөгүндө патриоттук сезимди жандырып, улуттук баалуулуктар тууралуу баарлашуу лекциядан кийин ар бир кабинетте уланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу