Экономика министрлигинин алдындагы МКМИси өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан жарандардын укуктарын коргоо тууралуу коомчулукту маалымдайт.

Новости
18-Август 2013-ж.
2476

"DSC2013-жылдын 16-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы (КРМЭ алдындагы МКМИ) “Өзүңдү алдаганга жол бербе” темасында маалыматтык семинар өткөрдү.

Кезектеги маалыматтык семинардын максаты болуп, өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан жарандардын укуктарын коргоо тууралуу коомчулукту маалымдоо саналат.

МКМИнин мүдүрү Айнура Ахметжановна МКМИ өзүнүн ишин жүргүзүүдө колдонмо кылып алган ченемдик актылары менен семинардын катышуучуларын тааныштырды.
Ошону менен бирге, метрологиялык көзөмөлдөөнү жайылтуу чөйрөсү жөнүндө презентациясы жана метрологиялык көзөмөлдөөнүн жыйынтыгында ачып көрсөтүлгөн тартип бузуулардын талдоосу көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик мекемелердин жана ишкердиктин субъектилеринин маселелери талкууланды, аны менен бирге өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тарабында мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча сунуштар киргизилди.

Тегерек столдун катышуучуларына өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан жарандардын укуктарын коргоо боюнча маалымат камтылган китепчелер, ошону менен бирге нааразыларды, суроолорду жана сунуштарды кабыл алуу үчүн МКМИнин маалым даректери көрсөтүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу