Алматы-Бишкек экономикалык коридору программасынын алкагында, Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен региондордо 2 дүң-айыл чарба рыногун жана 4 агро-логистикалык борборлорун куруу иштери жүрүп жатат

Новости
02-Ноябрь 2020-ж.
2134

Азия Өнүктүрүү Банкы жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү (ЭМ) КР ЭМдин Региондор аралык башкы башкармалыгынын башчысы З.К.Жумалиев менен биргеликте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (АЧТММ), КР Финансы министрлигинин, КРӨнүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, АӨБнын жана Agrifood Consulting International Эл аралык компаниясынын өкүлдөрүнүн жана Кыргызстанда заманбап дүң-айыл чарба рынокторун жана агро-логистикалык борборлорун даярдоо долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын региондорунда ири масштабдуу 2 дүң айыл чарба базарларын жана 4 агро-логистикалык борборлорду куруу менен айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу. Натыйжада, рынокто суроо-талап жогорулап, өндүрүштүн өсүшүнө түрткү болот жана региондордогу чакан жана орто өндүрүүчүлөрдүн, фермердик уюмдардын, айыл чарба кооперативдеринин кирешеси жогорулайт. Агро-логистикалык борборлордо айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, сорттоо, таңгактоо иштери уюштурулат.

Белгилей кетчү нерсе, бул долбоор Алматы-Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнүн бөлүгү болуп саналат тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана региондун ичинде жана андан тышкары жерлерде азык-түлүк продуктуларын сатууну көбөйтүү үчүн дүң рыногун жана агро-логистикалык борборлорду модернизациялоону колдойт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дүң-айыл чарба рыногун куруу пландалууда.

4 агрологиялык борборлордун курулушу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Чүй облусунун Токмок шаарында жана Ош облусунун Ноокат районунда пландаштырылууда.

Agrifood Consulting International тарабынан жүргүзүлгөн иштин натыйжаларына ылайык, айыл чарба продукцияларынын заманбап дүң рыногун даярдоо боюнча долбоордун Техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалды.

2020-жылдын 22-октябрында Азия Өнүктүрүү Банкынын “Agrifood Consulting International” компаниясынын жана тийиштүү министрлик жана ведомстволордун катышуусунда техникалык-экономикалык негиздемени талкуулоо боюнча видеоконференция болуп өттү.

2020-жылдын 29-октябрында дүң айыл чарба рыногун түзүү үчүн жер менен таанышуу максатында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна жумушчу топ тарабынан көчмө кеңешме болуп өттү.

Азыркы учурда заманбап дүң рынокту жана агро-логистикалык борборду даярдоонун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси АӨБдүн кароосунда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу