Экономика министрлигинде Техникалык жөнгө салуу комиссиясынын кеңешмеси болуп өттү

Новости
30-Октябрь 2020-ж.
1862

2020-жылдын 30-октябрында Экономика министрлигинде Экономика министрлигинде, Техникалык жөнгө салуу боюнча комиссиянын алкагында, Бажы бирлигинин /Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринде камтылган улуттук мыйзамдарга шилтеме берүүчү ченемдер боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулаган кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге аталган техникалык регламенттердин аткарылышына жооптуу мамлекеттик органдар катышты.

Кеңештин жүрүшүндө төмөнкү ТР ББ / ЕАЭБ талкууланды:

  • “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 005/2011);
  • “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 021/2011);
  • “Май продукцияларына техникалык регламент” (БС ТР 024/2011);
  • “Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчү жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар (БС ТР 029/2012); 
  • “Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 033/2013); 
  • “Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 034/2013); 
  • “Тамак-аш продукцияларынын адистештирилген өзүнчө түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык алдын алуучу тамак-аштарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 027/2012); 
  • “Идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө (ЕАЭБ ТР 044/2017);
  • “Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 047/2018).
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу