“Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ бир катар долбоорлорду каржылады

Новости
28-Октябрь 2020-ж.
2771

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду КФ ар бир региондо COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн ооруканаларды курууга, жабдууга жана профилдештирүүгө багытталган долбоорлорду каржылаган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-июлундагы № 261-б жана 2020-жылдын 14-августундагы № 275-б буйруктарын, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 21-июлундагы № 6 жана 2020-жылдын 11-августундагы № 8 чечимдерин аткарууга алып, Фонд эксперименттик тез тургузулуучу инфекциялык ооруканалардын курулушун каржылады:

  • Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын аймагында;
  • Ош шаарындагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын алдындагы балдар инфекциялык стационарынын аймагында;
  • Нарын облусунун Нарын шаарындагы бириккен оорукананын аймагында.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 263-б жана 2020-жылдын 14-августундагы № 275-б буйруктарын, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 22-июлундагы № 7 жана 2020-жылдын 11-августундагы № 8 чечимдерин аткарууга, Фонд республиканын 9 (тогуз) ооруканасын оңдоо-курулуш иштерин каржылады: 

-           Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы аймактык оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоо;

-           Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарында райондук оорукананын оңдоо-курулуш иштери;

-           Чүй облусунун Токмок шаарындагы Орозбеков көчөсүндөгү оорукананы капиталдык оңдоо;

-           Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылындагы 150 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы үчүн № 64 Кесиптик-техникалык лицейдин учурдагы имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү;

-           Баткен облусунун Баткен шаарындагы Салихов көч. эски поликлиниканын имаратын капиталдык оңдоо;

-           Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында медициналык тейлөө борборун капиталдык оңдоо;

-           Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк региондук илимий борборунун имаратын капиталдык оңдоо;

-           Каракол шаарындагы Ысык-Көл обласунун бириккен ооруканасынын башкы бөлүмүн капиталдык оңдоо;

-           Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айылындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын капиталдык оңдоонун 2-этабы.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын кан газ анализаторлору менен жабдуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 275-б буйругун жана Фонддун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 11-августундагы № 8 чечимин аткарууга алып, Фонд Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын 67 кан анализатору менен жабдууну каржылады. 

2020-жылдын 10-октябрында жогоруда аталган кан газдардын анализаторлору КР Саламаттук сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментине алынып келип, өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын 27 ооруканасын суюк кычкылтекти жана газификаторлорду берүүнүн борборлоштурулган системасы менен жабдуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 263-б буйругун аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 24-сентябрындагы № 04-1/3-10718 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык Ыкчам Штабдын көрсөтмөсүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуунун Протоколуна ылайык, Фонд Бишкек ТехГаз ЖЧКсы менен үч тараптуу келишим түзгөн, буга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал учурунда Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасын жана "Семетей" (“Ганси”) базасын борборлоштурулган суюк кычкылтек менен камсыздоо тутумдары жана газификаторлорду менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын 27 ооруканасын суюк кычкылтекти жана газификаторлорду берүүнүн борборлоштурулган тутуму менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу