Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистери адистери ILAC лабораторияларын аккредитациялоо боюнча эл аралык кызматташтыктын Башкы ассамблеясынын 24-жыйынына катышышты

Новости
27-Октябрь 2020-ж.
1925

ILAC Башкы Ассамблеясына Эл аралык Лабораториялык Аккредитациялоо Уюмунун мүчө уюмдарынын 100дөн ашуун өлкөсүнөн 300гө жакын өкүлү катышты. Мындай масштабдуу иш-чара COVID-19 пандемиясынын айынан биринчи жолу онлайн режиминде өткөрүлдү жана ILAC иши онлайн жолугушуулар аркылуу жүзөгө ашырылат.

2020-жылдын октябрь айына карата ILACтын мүчөлөрү:

103 толук укуктуу мүчөлөр (ILAC MRA макулдашуусуна кол коюучулар).

13 ассоциацияланган мүчөлөр;

9 аффилирленген мүчөлөр;

23 өнөктөш уюмдар жана ассоциациялар (кызыкдар тараптар)

Аккредитациялоо боюнча 6 регионалдык уюмдар (ассоциациялар):

Жолугушуунун жүрүшүндө ISO / IEC 17025: 2017 ге өтүүгө байланыштуу актуалдуу маселелер, аралыктан баалоо механизмдери, ILAC жана IAFты бирдиктүү эл аралык аккредитациялоо уюмуна бириктирүү чаралары талкууланды.

ILAC Башкы Ассамблеясынын күн тартибинин алкагында, ILAC комитеттеринин аткарылган иштери жөнүндө отчеттору, ILACтын кызыкдар тараптар менен кызматташуусу жөнүндө отчеттору, ILAC Башкы Ассамблеясынын жыйынына чейин онлайн добуш берүү аркылуу кабыл алынган чечимдерге обзор дагы каралды. ILAC төрагасы жана орун басары жана ILAC комитетинин төрагаларын шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгында Этти Феллер ILAC төрайымы болуп дайындалды, анын орун басары Мария Изабел Лопес Мартинес дйындалды.

КАБ - тестирлөө жана калибрлөө жаатында толук укуктуу мүчө (ILAC MRA өз ара таануу боюнча көп тараптуу макулдашуунун кол коюучусу) болуп саналат. 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу