Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи

Новости
27-Октябрь 2020-ж.
2565

Министрлик салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес төлөмдөр кодексине түзөтүүлөрдү демилгеледи, тийиштүү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашууга жөнөтүлдү.

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” мыйзам долбоорунун максаты жана милдети региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен региондордо ишкердикти колдоо үчүн тоскоолдуктарды четтетүүгө, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат.

Өлкөнүн региондук өнүгүүсү жергиликтүү деңгээлде экономикалык чөйрөнү каржылоонун кошумча булактарына муктаж, мындай булактардын бири региондук өнүгүү фонддорунун каражаттары болушу мүмкүн.

Маалымат үчүн: 2019-жылы региондорду өнүктүрүү фонддорунун эсептерине 575.5 миң сом келип түшкөн.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу