Каракол шаарынын ипподромун жандандыруу жана өнүктүрүү

Новости
26-Октябрь 2020-ж.
2219

2020-жылдын 23-октябрында КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунда директор Абдылдаев Данияр Исаевич Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясынын өкүлдөрү жана Каракол шаарында ипподромдун реконструкциялоо жана куруу долбооруна кызыкдар экендигин билдирген потенциалдуу инвесторлор менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө ипподромдун учурдагы абалы жана аны реконструкциялоо боюнча пикир алмашуу болуп өттү, ошондой эле долбоорду мындан ары илгерилетүү боюнча пикирлер айтылды.

Бул долбоордун максаты бардык дүйнөлүк стандарттарга жооп берген заманбап ипподромду түзүү, ошондой эле Каракол шаарынын жана жалпы эле региондун туристтик потенциалын жогорулатуу үчүн кошумча инфраструктураны түзүү болуп саналат. Бул ипподром 1892-жылы негизделгендиктен, анын тарыхый мааниси бар экендиги белгиленди. Ошондой эле, долбоордун максаты ат спортун жайылтуу жана спорттук аттардын түрүн көбөйтүү. МЖӨ борборунун директору бул демилгеге ыраазычылыгын билдирип, аталган долбоордун мындан ары биргелешип илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн айтты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу