КР Экономика министрлигинде ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү

Новости
23-Октябрь 2020-ж.
1887

2020-жылдын 23-октябрында Экономика министрлигинде КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Бажы бирлигинин /Евразия экономикалык бирлигинин колдонуудагы техникалык регламенттеринин талаптарын аткаруунун проблемаларын талкуулоо боюнча ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына улуттук мыйзамдарды адаптациялоо үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана маалымдама ченемдерин ишке ашыруу маселелери каралды.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында өттү.

Презентация.pptx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу