Мамлекеттин Президенти соода кызматкерлерин профессионалдуу майрамы менен куттуктады.

Новости
05-Сентябрь 2013-ж.
2848

"IMGБүгүн 2013-жылдын 6-сентябрында “Космопарк” оюн – зоок комплексинде соода секторунун мыкты ата-мекендик өкүлдөрүнө жана соода ардагерлерине сыйлык берүү менен бирге, соода кызматкерлеринин күнүнүн биринчи жылдык майрамы болуп өттү.

Мамлекеттин Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан куттуктоо сөздөрүн КР Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алмаз Асимов окуп өттү.

Куттуктоо сөзү:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын соода кызматкерлери! Сиздерди профессионалдуу майрамыңыздар менен куттуктайм! Соода эзелкиден бери дүйнөнү бириктирип келген, ал алыскы мамлекеттерди соода жолдору менен байланыштырып, мамлекеттин өнүгүүсүндө прогрессивдүү ролду ойногон.

Биздин эгемендүүлүгүбүздүн биринчи күнүнөн баштап эле сиздер чет мамлекеттер менен биздин соода мамилелерибизди куруп баштадыңыздар. Бул жылдары биздин күч аракеттерибиз менен көптөгөн иштер жасалды. Бирок дагы көптөгөн иштерди жасоо зарыл. Кыргызстандын товарлары жана кызматтары ири дүйнөлүк рыноктордо өзүнүн катышуусун кеңейтип, ата-мекендик товарлар жана кызматтар, сапаттын жана ишенимдүүлүктүн символу болуп калуусу зарыл.

Сиздердин эмгегиңиздерге жана тырышчаактыгыңыздарга өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Кыргызстандын өсүп- өнүгүүсүнө натыйжалуу иштерди каалайм” – деп мамлекеттин Президентинин куттуктоосунда айтылды.
Бул салтанаттуу иш чарада КР Биринчи вице-премьер- министри Джоомарт Оторбаев, КР Экономика министринин орун басары Олег Панкратов, КР ЖК депутаттары, Бишкек шаарынын Шаардык Кеңешинин төр агасы, Бишкек шаарынын мэри, мамлекеттин соода – рыноктук комплексинин жана соода ишканаларынын өкүлдөрү, ММК катышышты .
КР Биринчи вице – премьер - министри Джоомарт Оторбаев белгилеп өткөндөй, соода секторунун Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымы, ошону менен бирге соода кызматкерлеринин мамлекеттин калкынын муктаждыгын канааттандырууда маанилүү ролу үчүн, КР Өкмөтүнүн 2013 - жылдын 20 - мартында №141 токтому менен профессионалдык майрам – Кыргыз Республикасынын Соода кызматкеринин күнү бекитилген, ал ушул жылдан баштап жыл сайын 8 – сентябрда белгиленет.

"IMGСоода, экономиканын эң маанилүү тармактарынын бири болгон жана болуп келе жатат, ал бүгүнкү күндө динамикалуу жана тез өнүгүүдө. Азыркы учурда Кыргызстанда 20,5 миң чекене соода объектилери (азык-түлүк жана азык-түлүк эмес дүкөндөр жана киосктор) жана 3,8 миңден ашык коомдук тамак-аш объектилери иштеп жатат.
Чекене соода, республиканын ИДП структурасында 66,4 %ды ээлейт. Мурунку жылы республиканын чекене товар айлануусу 11,0 5га өсүп, 202,2 млрд. сомго ашты, ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жылдыгында 8,1%га өсүп, 90,0 млрд. ашык сомду түздү.
Ошентип, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолу соода кызматкерлеринин эмгеги чындыгында бааланды. Ушул окуяга байланыштуу, мамлекеттин Өкмөтү Кыргызстандын Базарлар, соода ишканалар жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөр ассоциациясы жана КР Экономика министрлиги менен бирге, соода секторунун мыкты ата-мекендик өкүлдөрүнө жана соода ардагерлерине сыйлык берүү менен бирге, соода кызматкерлеринин күнүнүн майрамын уюштурду.

2012-жылдын 28-майындагы Министрликтин №133 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сыйлыктар жөнүндө Жобосуна ылайык, сыйланышат:

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, соода секторуна орчундуу кошкон салымы үчүн жана «Кыргыз Республикасынын соода кызматкеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Министрликтин “Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен сыйлансын:
Таджибаев Азизулла Хасанджанович– Ош шаарындагы «TOP HAIR» сулуулук салонунун жетекчиси.
Ак ниет, кынтыксыз эмгеги, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана «Кыргыз Республикасынын соода кызматкеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Михин Михаил Иванович – «ЦУМ «Айчурек» ААКнын генералдык директору;
Салымбеков Улугбек Аскарович – «Мурас-Спорт» ЖКЧнын генералдык директору;
Ходжамниязов Ялкун Абдулаимович – «Берекет» соода комплексинин директору.
Министр Темир Сариевдин жана өзүнүн атынан министрдин орун басары Олег Панкратов, КР соода кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, соода кызматкерлердин иши сооданын кадырын көтөрүүгө, керектөөчү рынокту жана ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө, соода тейлөөсүн жакшыртууга жана бул тармакты заманбап тейлөө өнөр жайына айлантууга багытталат деген ишеничин билдирди.

“Сиздерге чың ден соолук, бакыт, өнүгүп өсүү жана жаңы профессионалдуу жетишкендиктерди каалайм!”, - деп өз каалоосун айтып өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу