Жобону кабыл алуу менен лицензиянын берүү тартиби регламенттелет, талаптар күчөтүлөт, ошондой эле контроль каралган

Новости
22-Октябрь 2020-ж.
1978

Экономика министрлиги тарабынан банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун ишин жаңы редакцияда лицензиялоо жөнүндө жобонун долбоору иштелип чыкты.

Банкроттук процессин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун ишине лицензия берүү жөнүндө жобонун кабыл алынышы менен:

- лицензияны берүү, кайра тариздөө, токтотуу, кайра жаңылоо жана колдонууну токтотуу тартиби регламенттелет;

атайын администраторлордун квалификациясына талаптар күчөтүлөт;

- лицензиялык комиссияга бизнес-коомчулуктан өкүлдөрдүн катышуусунун эсебинен лицензияларды берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгы жана объективдүүлүгү камсыз кылынат;

- администраторлордун ишине лицензиялык текшерүүнү жүргүзүү механизми аркылуу лицензиялык контролдоону жүзөгө ашыруу каралган.

Азыркы учурда “Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашылууда.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу