КР Экономика министрлиги жана ЕЭК Белорусия, Казахстан жана Россиянын өкүлдөрү менен бирге техникалык жөнгө салуу маселеси тууралуу Жол карта долбоору боюнча видеокоференция өткөрдү.

Новости
19-Сентябрь 2013-ж.
2528

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Евразиялык экономикалык комиссиясы (ЕЭК) 2013-жылдын 19-сентябрында Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү менен бирге техникалык жөнгө салуу маселеси боюнча Жол карта долбооруна берген сунуш, пикирлерин талкуулоо тууралуу кезектеги видеоконференциясын өткөрдү.

Видеоконференциянын жүрүшүндө Бажы союзунун мүчөлөрүнүн техникалык жөнгө салуу маселеси боюнча Жол картасы долбооруна берген сунуштары жана пикирлери талкууланды, ал кийинчерээк Кыргызстандын Бажы союзунун келишим-укуктук базасына кошулуу процессинде жалпы Жол картанын составдык бөлүгү болуп калат.
Ошону менен бирге Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринин ар бир пунктка берген сунуштары жана пикирлери боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Жол картасы долбоору боюнча ар бир БС мүчөлөрү өздөрүнүн ойлорун жана мамилелерин айтып өтүштү.

Видеоконференциянын жүрүшүндө Кыргыз тарап менен ар бир пункт боюнча негиздүү жооптор жана далилдер келтирилди, андан кийин формулировкасын редакциялоо жана анык иш-чаралардын аткаруу мөөнөтү жагына кээ бир оңдоолор киргизилди.

Ошентип видеоконференциянын катышуучулары техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Жол картасынын акыркы жоромолу тууралуу бирдей ой-пикирге келишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу