Жаңы редакциядагы ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы

Новости
07-Октябрь 2020-ж.
2924

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 “Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө” токтому менен ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун жаңы Методикасы (мындан ары - ЖСТТ методикасы) бекитилген.

Аталган ЖСТТ Методикасынын максаты ЖСТТны жүргүзүүдө жана тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоодо иш-аракеттерди так жөнгө салуунун эсебинен ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ЧУАнын жөнгө салуучу таасирин талдоону (ЖСТТ) жүргүзүүнү жакшыртуу болуп саналат.

ЖСТТнын аталган Методикасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- ЖСТТ жүргүзүүнүн толук жана жарым-жартылай форматтарын өткөрүү ченемдерин тактоо жана жөнөкөйлөтүү;

- ЖСТТ жүргүзүү процессин маалыматтык коштоо;

ЖСТТ жумушчу тобу менен кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүү тартибин, ЖСТТ жүргүзүү процессиндеги талаш-тартыштарды чечүү жол-жобосун жөнгө салуу;

- мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо ЖСТТ кайталап өткөрүү зарылчылыгын баалоо тартибин бекитүү.

Жаңыланган ЖСТТ методикасын колдонуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- ЖСТТ методикасын колдонуп ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоонун сапатын жогорулатуу ЧУАнын долбоорун аргументтөөнү күчөтөт;

- мамлекеттик органдарда ЖСТТ жүргүзүү процессин жөнөкөйлөштүрөт;

- түздөн-түз аткаруучулардын ЖСТТ даярдоо процессин кыйла жеткиликтүү кылат;

- ыйгарым укуктуу органга жүргүзүлгөн ЖСТТга баа берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда, жөнгө салуучу таасирди талдоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында Министрликтин сайтына, “Ишкердүүлүк” бөлүмүнө, бардык аналитикалык эскертүүлөр жайгаштырылган, ал ЖСТТнын маалымат базасын жүргүзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу