Товарларды идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоону узартуу жана ККМ-онлайнга карата жаңы техникалык талаптар

Новости
02-Октябрь 2020-ж.
2839

2020-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 514 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынган, ал милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрүн узартууну жана ККМ-онлайнга карата жаңы техникалык талаптарды карайт.

COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен байланышкан экономикалык кырдаалды жана ишкердик субъекттеринин суроо-талаптарын эске алуу менен тамеки жана алкоголдук продукцияны милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылган жана пилоттук долбоор 2021-жылдын 31-мартына чейин пландаштырылган.

Мурда белгиленген мөөнөттөр 2020-жылдын 1-октябрына чейин тамеки продукциясын жана 2020-жылдын 1-ноябрына чейин алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүүнү караган.

Милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрүн узартуунун негизги себептери болуп кошумча жабдууларды сатып алуу жана жөнгө салуу кыйла убакытты жана кошумча финансылык чыгымдарды талап кылары саналат.

COVID-19га байланыштуу чектөөчү чаралардын жана логистикалык шарттардын көбөйүшүнүн шартында, жабдууларды сатып алууну жана ишке киргизүүнү өз убагында уюштуруу, ошондой эле консультация берүү максатында чет өлкөлүк техникалык адистердин катышуусун камсыз кылуу техникалык жана физикалык жактан мүмкүн эмес.

Пандемия шарттарында жана чектөөчү чараларды киргизүү менен Бизнес түзүмдөр кыйла зыян тартышты. Мындан сырткары эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин калыбына келүү мезгили башталат.

Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар жогоруда айтылган себептер боюнча маркалоо талаптарын аткара албай калгандыгын эске алганда, маркалоо киргизилген учурда алар өндүрүштү токтотууга жана жеткирүүнү кыскартууга аргасыз болушат. Натыйжада базарларда мыйзамдуу продуктунун көлөмү сыяктуу эле салыктык түшүүлөрдүн көлөмү азаят.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы No 356 токтомунун 5-пунктуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) катталууга жатпагандыгын, алар ККМге карата жаңы Техникалык талаптарга жооп бербегендигин, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы жок кассалык машинанын эски үлгүлөрү колдонулбагандыгын маалымдайбыз.

Ошол эле учурда кассалык машиналардын, анын ичинде программалык-кассалык машиналардын реестринде кассалык машиналардын жаңы моделдеринин жоктугун эске алуу менен, ишкердик субъекттерине кошумча убакыт берүү максатында, эски стилдеги кассаны онлайн режиминде каттоого тыюу салууну киргизүү мөөнөттөрү 2021-жылдын 1-январына чейин узартылды.

Ошол эле учурда, белгилей кетчү нерсе, ККМ программасын киргизүү мөөнөтү узартылган жок. ККМдин реестри түзүлүп, ККМдин жаңы моделдери, анын ичинде ККМ программасы киргизилгендиктен, чарба жүргүзүүчү субъекттер ККМ программасын каттоого жана колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мында программалык ККМды киргизүү мөөнөттөрү пролонгацияланбагандыгын белгилөө зарыл. ККМдин жаңы моделдери түзүлгөнүнө жана ККМдин жаңы моделдери кошулганына жараша, ишкердик субъекттери программалык ККМди каттоо жана колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу