Химиялык продукциянын регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдыруу пландаштырылууда

Новости
01-Октябрь 2020-ж.
2111

Экономика министрлиги 2020-жылдын 29-сентябрында “Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” ЕАЭБ ТР 041/2017 өзгөртүү долбоорун коомдук талкуулоо старт алгандыгын маалымдай. 

Евразия Экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 19 чечимине ылайык ЕАЭБ ТР 041/2017 2021-жылдын 2-июнунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) химиялык заттардын жана аралашмалардын реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин жана жаңы химиялык заттарды нотификациялоонун тартибин бекитүү шартында күчүнө кирүүсү зарыл. Ошону менен бирге, тартиптер 2018-жылдын 1-декабрына чейин күчүнө кириши керек болгон, аны иштеп чыгуу азыркы тапта жыйынтыкталуучу баскычта турат, аны бекитүү 2020-2021-жылдарга пландаштырылууда

Ошентип, жаңы талаптардын аткарылышынын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу керек. Ушул максатта ЕАЭБ ТР 041/2017 башталышын 2022-жылдын 30-ноябрына жылдыруу сунушталууда.

Документти коомдук кароо 2020-жылдын 29-октябрында аяктайт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу