Урматтуу мекендештер! Сиздерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!

Новости
23-Сентябрь 2020-ж.
2616

1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили- өлкө  менен улуттун жашоосунда өзгөчө мааниге болгон мамлекеттик тил макамына ээ болгон. 

Мамлекеттик тил биздин көз карандысыз мамлекетибиздин негизги байлыгы жана символу болуп саналат. Кыргыз эли өзүнүн бирде чабылып, бирде чаап, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган байыртан берки басып келе жаткан тарыхында кырылган сайын күчөгөн кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыздын тили менен нечен доорду карытып келет. Түмөндөгөн сапты оозеки сактап, элдин үнү, кубанычы, муңун берип ошону менен кылымдардан кылымга жашап келе жаткан улуу Манастын тили, поэзиянын сергек кайрыктары менен жүрөктөн жүрөккө өтүп келе жаткан Алыкул Осмоновдун тили, дүйнө адабиятына кыргыздын аң сезими менен ой толгоосун, дүйнө таанымын тааныткан классик Чыңгыз Айтматовдун тили экенине сыймыктанабыз.   

Учурдагы ааламдашуу заманы дүйнө элдеринин маданияты, тилине, салт санаасына сөзсүз түрдө өз таасирин тийгизүүдө, ар бир мекенди мекендеп ар бир улуттун ээсимин деген жүрөгүндө улутка болгон жоопкерчилиги бар   жаран өз тили менен өзүнүн тамырын бекем сактап кала алат. Эне тил ар бир улуттун уңгусу-терең тамыры. Өткөндөн сабак алып, келечекке илгери үмүт артып, мекенди терең сүйүү менен, ата-журтубуздун ар бир аткан  бейпил таңы -Эне тилге жасаган мамилебиз биздин эртеңки муунга калтырган белегибиз. Эне тилге бүгүн жасаган мамилебиз  улутубуздун эртеңки күнүнө көргөн камкордугубуз. 

 Майрамыңыздар менен  урматтуу Манастын, Айтматовдун тилинде сүйлөгөн улуу тилдин алып жүрүүчүлөрү!

Кылым карыткан улуу тил-  өз сапарын уласын. 

 

 Урматым менен Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетов.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу