“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан тышкы жардамдын агымдарын мониторинг, баалоо жана аны колдонуу натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн негиздери”

Новости
16-Сентябрь 2020-ж.
2200

Кыргыз Республикасында донордук жардамдын долбоорлорунун мониторингинин, анализинин макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу, ошондой эле бул жааттагы мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2020-жылдын 15-сентябрынан 24-сентябрына чейин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан тышкы жардамдын агымдарына мониторинг, баалоо жана аны колдонуу натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн негиздери” темасында семинар өткөрүлөт.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү Банкы менен биргеликте мамлекеттик органдардын адистери жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн өткөрүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы №232 токтому менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого ылайык, Экономика министрлиги тышкы жардамдын натыйжалуулугун көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мониторингдин жана баалоонун ролун түшүндүрүү, долбоордун көрсөткүчтөрүн андан ары туура аныктоо, маалыматтарды сапаттуу чогултуу жана отчеттуулукту уюштуруу максатында ушул иш-чараны уюштурду.

Окутуунун жүрүшүндө долбоордук иш чөйрөсүндө жамааттык талкууларды өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча тышкы жардам жаатында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу боюнча сунуштар түзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу