“Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Мыйзамына кол коюлду. (Жаңыланды).

Новости
06-Август 2013-ж.
2553

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Мыйзамына кол койду. Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен 27.06.13-жылы №3327-V жактырылган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Мыйзамдын жобосу, алардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн техникалык жөнгө салуу аркылуу жогорулатып, Кыргызстандагы оюнчуктарды өндүрүүнү регламентациялоого жана Кыргызстанга оюнчуктарды алып келүүгө жана ошону менен бирге, элди коопсуз продукция менен камсыз кылууга багытталганын маалымдайт.

Техникалык регламент, адамдардын, а дегенде балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана колдонуучуларды чаташтырган аракеттерди алдын алуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында колдонулат.

Техникалык регламент долбоорун иштеп чыгууда жумушчу топтун составына баардык кызыктар тараптар кошулган: бизнес-уюмдар, илимдин жана аткаруучу бийликтин өкүлдөрү, ал бул документтин объективдүү экенин билдирет.

Бул Техникалык регламенттин долбоору эл аралык стандарттар менен уйкалыштырылган, анын ичинде:
- Европа союзунун (88/378/ЕЭУ) 1988-жылдын 3-майынан тартып оюнчуктардын коопсуздугу жагында ЕЭУ мамлекеттеринин мүчөлөрүнүн мыйзамдарын жакындаштыруу боюнча директивасы менен.

- ГОСТ Р ИСО 8124-3 -99 “Оюнчуктар. Коопсуздуктун жана текшерүү ыкмасынын жалпы талаптары. Баланын ден соолугуна зыян келтирген элементтерди бөлүп чыгаруу.”- ГОСТ Р ИСО 8124-2 -99 “Оюнчуктар. Коопсуздуктун жана текшерүү ыкмасынын жалпы талаптары. Тез тутангычтык”, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча”, “Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык келтирилген.

Мындан сырткары, техникалык регламент: техникалык жөнгө салуунун объектилерин; техникалык жөнгө салуу объектилеринин коопсуздугунун талаптарын; ылайык келе турган баалоо формаларын; оюнчуктардын терминологиясына, каптамасына жана тамгалоосуна болгон талаптарын орнотот.

“Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет: продукциялардын коопсуздугунун параметрлерин орнотуу жана ушул параметрлердин үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдүн чараларын тартипке салат; керектөөчүлөрдү чаташтырган аракеттерден алдын ала сактоо үчүн негиз түзөт, ошону менен бирге алардын укуктарын коргоонун керектүү деңгээлин камсыз кылат; коңшулаш өлкөлөр менен товар айлануусунун жана мамлекеттин экономикасындагы аша чапкан соода жана административдик жолтоолорун четтетүүгө мүмкүндүк берет жана инспекциялаган кызматтар жактан көп текшерүүлөрдөн кутула турган кадам болот ж.б.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу