Экономика министрлигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты

Новости
14-Сентябрь 2020-ж.
2298

КР Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:

Абдымомунова Г.К., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана Халал индустрия бөлүмүнүн башчысы;

Жолдошева С.Х., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламенттер, стандарттар жана ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Мамлекетке өзгөчө сиңирген эмгегин таануу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Н.И.Новицкий сыйланды.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкү кызматкерлерге алкыш жарыяланды:

Ильясова Н.С., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги; 

Осмоналиев М.К., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын макроэкономикалык талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Шатманалиев К.Ш., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик саясаты башкармалыгынын лицензиялык уруксат берүү иши жана ЖТТ бөлүмүнүн башкы адиси.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу