Мамлекеттик компанияларды IPOго чыгаруу боюнча долбоордун концепциясын иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
08-Сентябрь 2020-ж.
3359

Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, бир катар мамлекеттик компаниялардын жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду, анда мамлекеттик компанияларга инвестицияларды тартуу үчүн IPO механизмин колдонуу келечеги талкууланды.

Жолугушууда министр С.Муканбетов белгилегендей, учурда экономиканы кризистен чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ресурстарды мобилизациялоонун, ички жана тышкы инвестицияларды стимулдаштыруунун ар кандай варианттарын карап жатат. Ошондой эле, бүгүнкү күндө негизги мамлекеттик компаниялардын акцияларын фонддук биржаларга алып чыгуунун зарыл өбөлгөлөрү жана жакшы келечеги бар. Ошол эле учурда, жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик компаниялардын IPOго чыгуу - бул узак мөөнөттүү, кымбатка турган, этап-этабы менен өлкө масштабындагы долбоор экендигин билдиришти. Баштапкы этапта акционердик коомдордо корпоративдик башкарууну чыңдоо, каржылык отчеттуулуктун ачыктыгын камсыздоо жана потенциалдуу инвесторлорго маалыматтарды ачуу жана тиешелүү каржы инфраструктурасын түзүү боюнча чараларды көрүү талап кылынат. 

Бирок татаал даярдык мезгилине карабастан, акыркы IPO, компаниялардын капиталдаштыруусунан тышкары, экономика үчүн жалпы мультипликативдик натыйжа бериши мүмкүн:

  • мамлекеттик компаниялардын акцияларынын реалдуу рыноктук наркын аныктоого мүмкүндүк берет;
  • калкка натыйжалуу инвестициялык инструменттин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
  • республиканын финансы рыногун жандандырууга түрткү берет;
  • мамлекеттик компаниялардын ачык-айкындуулугун жогорулатат жана активдүү жана квалификациялуу миноритардык акционерлердин пайда болушу аркылуу корпоративдик башкарууну чыңдайт;
  • ата мекендик ишканалардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды, анын ичинде IPO боюнча жол картасынын форматы жана мөөнөтү жөнүндөгү чечим.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу