Экономика министрлигинде, коррупцияга каршы күрөшүү саясатын мындан ары ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын Координациялык жолугушуусу болуп өттү.

Новости
08-Сентябрь 2013-ж.
2443

2013-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы иш чараларды ишке ашыруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери тууралуу, 2013-жылдын 29-августунда КР Өкмөтү өткөргөн отурумдун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин талкуулоосу болуп өттү.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Координациялык жолугушуунун жүрүшүндө, Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы катары мамлекеттин Экономика министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана коррупцияга каршы саясатты мындан ары ишке ашыруу тууралуу бир нече актуалдуу маселелер каралды.

Белгиленип кеткендей, коррупция – коомдук кооптуу көрүнүш катары мамлекеттик башкаруу системасына терс таасирин тийгизет. Өткөрүлүп жаткан иш чараларга карабастан, мамлекеттик башкаруу органдарында иш мурункудай эле каалаган эффектке жеткен жок жана бир кыйла күчөтүүнү талап кылууда.

Бул жолугушуунун бирден бир маселеси болуп, коррупцияга каршы иш аракеттер боюнча өз ара аракеттешүүнүн приоритеттүү багыттарын аныктоо жана Экономика министрлигинин жана мамлекеттик органдардын координациясын жогорулатуу тууралуу төмөндөгү маселелер боюнча: коррупцияга каршы туруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын демилгелерин консультация берип колдоо жана тажрыйба алмашуу; КР Өкмөтүнүн коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу инструментарийлерин жана методологиясын биргелешип иштеп чыгуу; ведомство аралык өз ара аракеттешүү, алдын алуу жана коррупциялык схемаларды жана тобокелдерди ачыкка чыгаруу жана кызыктардын жаңжалын алдын алуу тарабындагы кызматташтыкты күчөтүү.

Жолугушууда, коррупцияга каршы иш – аракеттин ар кандай багыттары боюнча адистештирилген Дүйнөлүк Банктын консультанттар тобу тааныштырылды. Консультанттар тобунун мүчөлөрү: С. Молдокулов – ведомство аралык өз ара аракеттешүүнүн эффективдүү чараларын иштеп чыгуу жана киргизүү, мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү жана мамлекеттик органдардын чет элдик мамлекеттер менен интеграциялык өз ара аракеттешүүнүн формасы боюнча консультант; Э. Мамбеталиева – билим, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарындагы коррупцияга каршы саясатын иштеп чыгуу жана методологиясын киргизүү боюнча консультант; Д. Турдумалиева – мыйзам долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны киргизүү боюнча консультант; А. Насыров – мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык схемаларды жана тобокелдерди ачыкка чыгаруу боюнча методологияны иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча консультант; Т. Ибраимов – улуттук мыйзамга эл аралык укуктук инструментарийлерди имплементациялоо боюнча консультант.

КР ЭМ Коррупцияны алдын алуу саясаты бөлүмүнүн башчысы – Тилек Саякбаев жана консультанттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн коррупцияга каршы иш – аракеттери боюнча Дүйнөлүк Банк жана Экономика министрлиги кызматташкан СВЕМ долбоорунун алкагында өздөрүнүн иш – аракеттеринин негизги багыттары жана пландары менен тааныштырышты.

Аны менен бирге, коррупциялык схемаларды жана тобокелдерди алдын алуу, коомдун маалымат менен камсыз болгондугу, ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү бекемдөө жана коррупцияга каршы аракет кылуу боюнча чараларды ишке ашырып жаткан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу боюнча иштерин күчөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Бул жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, биргелешкен консультацияларды жана иштер менен алмашууларды ай сайын өткөрүп туруу чечими бир добуштан кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу