Кыргызстанда биринчи жарым жылдыкта инфляциянын деңгээли 5-7% дан ашкан жок

Новости
20-Август 2020-ж.
2288

Кыргызстанда биринчи жарым жылдыкта инфляциянын деңгээли 5-7% дан ашкан жок

Керектөө бааларынын индекси 103,0% ды (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 2020-жылдын июнь айы), орточо жылдык инфляция деңгээли (2020-жылдын январь-июнь айлары 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу) 105,8% ды түзгөн.

Экономикада 2020-жылдын июнь айынын аягында кредит 159,1 млрд.сомду түзүп, 2020-жылдын башынан тартып 6,1 %га көбөйгөн.

2020-жылдын январь-июнь айларында жеке жактардын которуу системасы аркылуу жүзөгө ашырылган акча которууларынын дүң агымы 977,3 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2019-жылдын ушул эле мезгилиндеги деңгээлден 13,2% төмөн.

Алдын-ала маалыматтар боюнча 2020-жылдын январь-июнунда мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 60,3 млрд.сомду же белгиленген пландуу көрсөткүчтүн 81,6 %ын түзгөн. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 33,1 млрд сомду түздү, пландык көрсөткүч 86,5 %га аткарылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын салыктык кирешелери отчеттук мезгилде 11,1 млрд сомду же пландын 59,3% ын түзгөн

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча республикалык бюджеттин тартыштыгынын көлөмү 2020-жылдын январь-июнь айларында ИДПга карата 7,7 пайызды же 17,7 млрд. сомду түзгөн. 

Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун бюджети 2020-жылдын январь-июнунда 6 243,6 млн.сом суммасында аткарылды, бул 2020-жылдын бекитилген бюджетинин 20% ын жана жарым жылдык пландын 71% ын түздү.

Бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2020-жылдын январь-июнь айларында 17 999 сомду түздү жана 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10,5% га жогорулады жана анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен, 4,4% га өскөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу