Кыргыз Республикасында айыл чарба жана өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн өсүшү байкалууда

Новости
20-Август 2020-ж.
2306

Биринчи жарым жылдыкта республикада ИДПнын өсүшүнө негизги алгылыктуу салымды айыл чарба кошкон, ал ИДПга карата 0,14 пайыздык пункта реалдуу өсүш арымы 1,6 пайызды түзгөн. Ал эми өнөр жай секторунда - Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкана ИДПга салымы негизги металлды иштеп чыгуунун өсүшүнүн эсебинен 0,96 пайыздык реалдуу өсүш темпи менен 9,8 процентти түзгөн, анын ИДПнын өндүрүш түзүмүндө салыштырма салмагы 14,2% ды түзгөн.

Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышынын өсүшү Бишкек шаарынан тышкары бардык облустар менен камсыз болду (98,6 %):

  • Ысык-Көл - 101,3 %,
  • Жалал-Абад - 103,2 %,
  • Баткен - 103,0 %,
  • Чүй - 101,2 %,
  • Нарын - 101,1 %,
  • Ош - 100,9 %,
  • Талас - 100,5 %,
  • Ош ш. - 101,2 %.

Айыл чарба өсүмдүктөрү ээлеген аянттын жалпы аянты 2020-жылдын түшүмүнө 1223,6 миң га түзгөн, бул 2019-жылдын деңгээлинен 6,9 миң га көп.

Жалпы айдоо аянты дан өсүмдүктөрүн, жүгөрүнү кошо алганда данга (буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка данынан тышкары) өткөн жылдын деңгээлине караганда 573,3 миң гектарды түздү же 20,9 миң га көп. Анын ичинен буудайдын айдоо аянттары 7,9 миң га көбөйгөн.

Мында картошканын (2,9 миң га), май өсүмдүктөрүнүн (6,4 миң га), кант кызылчасынын (6,0 миң га), пахтанын (2,6 миң га), жашылчалардын айдоо аянттарынын (0,5 миң га) төмөндөшү байкалды);

Отчеттук мезгил ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн реалдуу өсүшү облустардын чарбакер субъекттери тарабынан камсыздалган:

  • Ысык-Көл 107,2 %,
  • Баткен -103,7 %,
  • Жалал-Абад - 101,9 %,
  • Талас - 107,5 %.
  • Калган облустарда терс динамика түзүлдү:
  • Чүй - 96,1 %,
  • Ош - 71,2 %,
  • Нарын - 94,0 %,
  • Бишкек ш. - 95,3 %,
  • Ош ш. - 60,2 %;

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча биринчи жарым жылдыкта курулуштун дүң көлөмүнүн өсүшүнүн терс динамикасы түзүлдү, буга Талас -121,8% жана Ысык-Көл облустары 112,4%. кирбейт 

Ошондой эле, дээрлик бардык региондордо, коронавирустук инфекциянын жайылышын токтотуу боюнча болуп көрбөгөндөй чараларды колдонуу менен өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү кыскарган, мында адамдардын, товарлардын, капиталдардын эркин жүрүшү токтотулуп, экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшү суроо-талаптын олуттуу төмөндөшүнө алып келген.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу