Конкурска катышуу үчүн чакыруу-кат

Новости
17-Август 2020-ж.
2446

“Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук фонду (мындан ары - Фонд) Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык оорулар клиникалык ооруканасынын аймагында эксперименталдуу жугуштуу оорулар ооруканасынын жана Ош шаарында Ош шаардык клиникалык ооруканасына караштуу Балдар инфекциялык стационарын куруу үчүн жеткирип берүүчүнү (подрядчы) тандоо конкурсун өткөрөт.

Ушуга байланыштуу Фонд 2020-жылдын 19-августунда саат 11.00 до өтүүчү талапкерлерди квалификациялык тандоого катышууга чакырат, дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 106 (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чакан залы).

Квалификациялык тандоону жүргүзүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча 620535 (кошумча 445) телефону аркылуу (электрондук почта: fond.sprr@gmail.com) же жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча кайрылсаңыздар болот.

Конкурстун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар 3 барак көчүрүү.docx

Конкурстук табыштама 1 барак көчүрүү.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу