Кыргызстанда товарлардын көзөмөлдөө системасын жакшыртууда

Новости
12-Август 2020-ж.
2106

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу максатында, КР Экономика министрлиги тарабынан республикада товарларды көзөмөлдөө системасын жакшыртуу бир катар чаралар иштелип чыккан.


Экономика министрлигинин маалыматы боюнча товарларды маркалоо контрафакттык жана контрабандалык продукциялардан рынокту тазалоого, рынокко ачык-айкындыкты киргизүүгө жана продукциянын сапатына кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет. Коддун жардамы менен товарлардын өндүрүштөн же импорттон чекене сатып алуучуга чейинки кыймылын көзөмөлдөө мүмкүн болот.

Ушуга байланыштуу, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын киргизүү максатында төмөнкү иштер жүргүзүлгөн:

• КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 “Кыргыз Республикасында товарларды маркировкалоо жөнүндө” токтому кабыл алынган;

• КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо менен маркалоонун тартиби жөнүндө” токтому кабыл алынган, ал 2020-жылдын 1-октябрынан тарта тамеки буюмдары, 2020-жылдын 1-ноябрынан алкоголь прдукциялары үчүн милдеттүү маркалоону киргизүүнү карайт.

• КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтому кабыл алынган, ал 2020-жылдын 1-январынан тартып пилоттук долбоорду киргизүүнү карайт;

• КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 “Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган;

• COVID-19 коронавирус пандемиясынын шартында экономиканы турукташтырууга багытталган кризиске каршы чара катары КРӨнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 388 токтому кабыл алынган, ал төмөнкү товарларды:

а) 2020-жылдын 1-октябрына чейин тамеки продукциясын;

б) 2020-жылдын 1-ноябрына чейин алкоголь продукциясын маркалоо мөөнөттөрүн узартууну карайт.

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык 2021 жылдын 1-майынан баштап төмөнкү товарлар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш:

Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон товарлардын өндүрүлгөн же импорттолуучу/алып келинген жана сатылуучу айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү түрдө маркалоону жүргүзүү мөөнөттөрү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу