АМСти автоматташтыруунун бюджетке болгон пайдасы

Новости
13-Август 2020-ж.
1958

Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 1-июлунан тартып АМСте май куюуну кассалык чегисиз жүргүзүү, ал эми Электрондук товардык транспорттук коштомо кагазын (ЭТТКК) тариздебестен мунай базадан жүктөө мүмкүнсүз болуп калат.


Күйүүчү май куюучу жайдын автоматташтырылган башкаруу системасынын (АБС) өзгөчөлүгү, төлөө фактысы жана контролдук-кассалык машинадан чыккан кассалык чегисиз кардарга май куюу мүмкүн эмес, анткени АМСтин май куюучу колонкасына мунайзатты берүү жөнүндө сигнал иштебей калат, ал үчүн KKM-онлайн системага киргизилиши керек. Өз кезегинде, KKM-онлайн, АМСте мунайзат берилгенде бул маалыматты бир эле учурда салык кызматынын серверине берүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Автоматташтырылган система жана ЭТТКК мунай заттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында киргизилип, жаңы талаптар белгиленет.

Дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунайзаттын же резервуардын базасына ээ болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми чекене сатуу АМСте контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (диспенсерлер) жана май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы менен камсыздалган шартта гана май куюучу жайларда жүргүзүлөт.


Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй натыйжалар күтүлүүдө:

Салык салуу максатында товарларды көзөмөлдөөнүн жана жүгүртүүнүн улуттук компонентин түзүү.

Ак ниеттүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргоо.

Акыйкат атаандаштыкты адилеттүү өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү.

Ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү жана КР жарандарын коргоого багытталган заманбап техникалык чечимдерди түзүү жана технологияларды киргизүү.

Инвестициялык тартууларды жогорулатуу.

Көмүскө экономиканы легалдаштыруу.

Бюджеттин кирешесин жогорулатуу.

Эл аралык рейтингдерде өлкөнүн позициясын жогорулатуу.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу