Электрондук эсеп-фактура: ал кандай иштейт?

Новости
13-Август 2020-ж.
21500

2020-жылдын 1-июлунан баштап Кыргызстанда “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык система киргизилген. КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 токтомуна ылайык, электрондук эсеп-фактураны колдонуу КНС салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоону жана / же экспорттону ишке ашыруучу салык төлөөчү үчүн милдеттүү болуп саналат. Мурда ыйгарылган эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин салык органдарында салыктык катталган жери боюнча ушул жылдын 25-августуна чейин жараксыз деп таанууга болот.

Электрондук эсеп-фактуранын шексиз артыкчылыгы (ЭЭФ) анын оперативдүүлүгү болуп саналат. Эгерде мурда оригинал (кагаз) эсеп-фактураларды башка регионго жөнөтүү бир топ убакытты ээлесе, азыр буга салык төлөөчүнүн бир нече гана мүнөтү кетет.

Мындан тышкары, электрондук эсеп-фактуралар жана башка документтер менен алмашуу уюмдарга иштин кагазсыз түрүнө өтүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул өз кезегинде, чыгымдардын жок дегенде эки беренесин - кеңсе жана почта чыгымдарын азайтууга алып келет. Документтерди алмашуунун бул ыкмасынын талашсыз артыкчылыгы болуп эсеп-фактураларды тариздөөдө кетирилген каталардан оолак болуу мүмкүндүгү эсептелет.

Алгач, ЭЭФ пилоттоштуруу этабында аталган система үчүн негизги милдет коюлган - ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү, салык төлөөчүлөрдү салык салуунун заманбап эрежелери менен камсыздоо.

Электрондук эсеп-фактура системасын пилоттоо өткөн жылдын июлунда башталган. Пилоттук ишке киргизилгенден баштап салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн демилгелүү тобу менен бир нече жолу жолугушууларды жана биргелешкен тестирлөөнү өткөрдү, анын курамында бирдей салык шартында адилеттүү атаандашууга кызыкдар ири салык төлөөчүлөр да бар. МСКнын маалыматы боюнча пилоттук долбоорго 3000ден ашуун компания катышкан, азыркы учурда алардын бардыгы ЭЭФны ийгиликтүү колдонууда.

ЭЭФ системасын ишке киргизген учурдан тарта андан 8 миңден ашык салык төлөөчү каттоодон өтүп өз ишин башташкан жана 260 миңге жакын ЭФ жүгүртүү көлөмү 25 млрд. сомду түзгөн. Ошол эле учурда каттоо процесси толугу менен онлайн режиминде өттү жана салык төлөөчүлөрдөн салык органдарына бир эле жолу барууну талап кылган жок.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу үчүн esf.salyk.kg порталына кирип, электрондук кол тамга коюлган маалыматтык системада каттоо үчүн онлайн-арыз берүү керек, андан соң электрондук эсеп-фактураны пайдаланууга болот.

Электрондук эсеп-фактуралардын артыкчылыктары болуп салык төлөөчүнүн салык кызматкерлери менен байланышын кыскартуу саналат, бул коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүүгө, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү жана алдын ала салык отчетун автоматтык түрдө даярдоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары, бул системаны киргизүү Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине товарлардын экспорту боюнча тоскоолдуктарды минималдаштыруу үчүн маанилүү. Анткени санариптик чечимдерди иштеп чыгууну электрондук эсеп-фактураларды өз ара таануу механизми жок жүргүзүүгө мүмкүн эмес.

Электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) кагаз документ менен салыштырганда, бир катар артыкчылыктары бар:

1) юридикалык мааниси. Ар бир эсеп-фактурага электрондук колтамга коюлат;

2) маалыматты коргоо. Системадагы иш криптографиялык коргоо каражаттарын пайдалануу менен корголгон каналдар аркылуу жүргүзүлөт;

3) жеткиликтүүлүгү. “ЭЭФ” системасы 24/7 иштейт;

4) колдонуу жеңилдиги. Система бир топ жөнөкөй жана туюмдуу интерфейске ээ;

5) интеграция. ЭЭФ системасы салык төлөөчүлөрдүн бухгалиердик эсебинен жүктөлгөн файлдарды кабыл алат жана маалыматтарды кайра жүктөө үчүн түшүрүлөт;

6) эсеп-фактураларды түзүүдө кетирилген каталардын санын азайтуу;

7) эсепти “ЭЭФ” системасынан чыкпастан контрагентке, тактап айтканда адресатка тез жеткирүү (эгер ал аталган системаны колдонсо).

Электрондук эсеп-фактуранын киргизилгендигин 19-июнда Кубатбек Боронов премьер-министр кезиндеги мамлекеттик органдардын башчылары менен биринчи жолугушуусунда өкмөттүн быйылкы 11 ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары жарыялаган.

Электрондук эсеп-фактураларды киргизүү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө оң таасирин тийгизери белгиленди, анткени салыкты тескөөнүн заманбап инструменттери пайда болот. Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү шарттары жакшырат, анткени ак ниет салык төлөөчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу