Кыргыз Республикасында ИДП деңгээли төмөндөдү жана 228 миллиард сомду түздү - Кыргыз Республикасынын Экономика министри

Новости
03-Август 2020-ж.
2190

Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-июнь айларында алдын-ала баалоо боюнча 228 млрд. сомду түздү жана 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда - 5,3 % га азайган. Бул тууралуу КР Экономика министри Санжар Муканбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өнөр жайдын өсүшү 0,1% ды түздү, курулушта терс тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн төмөндөшү дээрлик 10% ды түздү, ал эми айыл чарбасында тескерисинче, көлөмдүн 1,6% га өсүшү байкалды. 

“Эл аралык финансы институттары дүйнөлүк экономиканын - 3% дан - 10% га чейин төмөндөшүн, Дүйнөлүк Соода Уюму дүйнөлүк соода жүгүртүүнүн жалпысынан 30% га чейин төмөндөшүн божомолдошот”, - деп билдирди министр.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу