Өкмөт экономиканын туруктуулугун камсыздоо жана калктын кирешесин колдоо боюнча План иштеп чыкты

Новости
03-Август 2020-ж.
2744

Азыркы учурда социалдык туруктуулукту, экономиканын туруктуулугун жана калктын кирешелерин колдоону камсыз кылуу боюнча 2020-жылга Өкмөттүн планынын долбоору иштелип чыккан. Бул тууралуу брифингде КРнын Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында план төмөнкү блоктордон турат:

1) Ден-соолукту коргоо жана өмүрдө сактоо.

2) Калктын социалдык аярлуу катмарларын колдоо.

3) Билим берүү тармагы.

“Ошондой эле 6-майда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкердик субьекттеринин ишин колдоо боюнча КР Өкмөтүнүн 2020-жылга карата Иш-аракеттер планы бекитилген (2 кризиске каршы план):

- ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредит берүү боюнча 14 млрд. сом өлчөмүндө Кризиске каршы фонд түзүү (КРӨнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 токтому);

- ишкердик субъекттерге жеңилдетилген финансылык колдоо жана ишканалардын ишине дем берүү программаларын бекитүү;

- ишкердик ишти ачык-айкын эсепке алуунун жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн автоматташтырылган системаларын (ККМ-онлайн, ЭСФ) киргизүү шартында чакан жана орго ишкердик субъекттер үчүн жеңилдетилген кредиттерди киргизүү;

- өндүрүштүк чөйрөгө төмөнкү багыттар боюнча жеңилдетилген кредит берүү:

- экспортко багытталган жана импортту алмаштыруу, ошондой эле региондук долбоорлор боюнча өндүрүш чөйрөсүнө жеңилдетилген кредит берүү;

- азык-түлүк коопсуздугу;

- инфекциянын жайылышын алдын алуу менен байланышкан медициналык буюмдарды жана коргоо каражаттарын өндүрүү

- бюджет түзүүчү ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо боюнча контролдоо жана мониторинг (кураторлук) механизмин киргизүү;

- кризистен кийинки калыбына келтирүүнүн жана КР экономикасын андан ары өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыгуу, - деп билдирди министр.

Ошондой эле ал, КРнын 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтому кабыл алынгандыгын, анда ӨК/ӨА киргизилген мезгилде экономикалык/жеке ишкердик иш (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөр) болбогон убакытта салыктык контракттардын милдеттенмелерин кайра карап чыгуу каралган.

“2020-жылдын 25-июнунда “Эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган (ал КР Президентине кол коюуга киргизилген). 2020-жылдын 25-июнунда “Капиталды жана мүлктү легалдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган (ал КР Президентине кол коюуга киргизилген)”, - деп кошумчалады С. Муканбетов.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу