КР Экономика министри медициналык техникаларды өндүрүү мүмкүнчүлүгү боюнча “Дастан” ТУК ААК, “БМЗ” ААК, “БШЗ” МИ жетекчилери менен жолукту

Новости
22-Июль 2020-ж.
4152

2020-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетов “Дастан” ТУК ААК барды. Жолугушууга КР Экономика министринин орун басары Б.А. Алиев, “МЖӨ борборунун” директору Д. Абдылдаев, Башкарманын төрагасы Т.О. Иманов башында турган “Дастан” ТУКК ААКнын жетектөөчү курамы, “Бишкек машина куруу заводу” ААКнын директору О.В. Попиков, “Бишкек штамптоо заводу” МИнин директору Б.К. Турдубеков, КР ЭМге караштуу Аккредитациялоо борборунун директорунун орун басары М.Ю. Таранчиева, ӨЖЭКМК башкармалыгынын башчысы Ш.И. Борончиев, инженерлер ж.б. катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Экономика министри С.Т. Муканбетов маанилүү медициналык жабдууларды, атап айтканда ИВЛ аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун ж.б. чогултуу жана өндүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе көтөрдү. Ошондой эле, өндүрүштү диверсификациялоо мүмкүнчүлүгү жана республиканын ири ишканаларынын ортосунда өндүрүшкө принципиалдуу жаңы өнүмдөрдү киргизүү, продукциялардын түрлөрүн кеңейтүү ж.б. маселелери боюнча өз ара аракеттенүү маселеси көтөрүлдү.

Өз кезегинде “Дастан” ТУК ААК башкармалыгынын төрагасы Т.О. Иманов корпорация “Ростех” корпорациясынын филиалдарынын бири менен 200 даана өлчөмүндө көчмө ИВЛ аппараттарын, 100 даана стационардык ИВЛ аппараттарын жеткирүү жөнүндө келишим түзгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле завод Улуттук госпиталдын 8 ИВЛ аппаратын калыбына келтирип жакынкы убакта кайра иштетүүгө беришет.

“БМЗ” ААКнын директору О.В. Попиков заводдо саатына 250-300 маскаларды чыгаруучу медициналык маскалардын өндүрүмдүүлүгү боюнча линияларды даярдап жаткандыгын айтты. Азыркы учурда жеке ишкерлерден буйрутмалар келип жатат. Ошондой эле ИВЛ аппараттарын чогултуу жана ишке ашыруу маселеси каралып жатат. “Бишкек штамптоо заводу” МИнин линиясы боюнча ИВЛ аппараттары жана башкалар үчүн запастык бөлүктөрдү өндүрүүгө болот, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын кычкылтек менен камсыз кылуунун борборлоштурулган тутумдары менен камсыз кылуу үчүн кыска убакыттын ичинде керектүү компоненттерди өндүрүүнү баштоого даярдык бар.

Катышкан ишканалардын жетекчилери продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү жана ишке киргизүү процесстериндеги негизги көйгөйлөрүн айтышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри жолугушууну жыйынтыктап жатып бардык маселелерди кайрадан карап чыгып, бир жумадан кийин кайра жолугушууну өткөрүүнү сунуштады.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу