Экономика министрлигинин алдындагы МКМИ Нарын шаарында “Өзүңдү алдаганга жол бербе” темасында тегерек стол өткөрөт.

Новости
23-Июль 2013-ж.
3035

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы 2013-жылдын 25-июлунда саат 11:00дө “Өзүңдү алдаганга жол бербе” темасында тегерек стол өткөрөт.

Өткөрүү жайы: Нарын шаары, Ленин көчөсү (Мамлекеттик областтык башкаруу имараты).
Тегерек столдун максаты болуп, өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан мамлекет тарабынан жарандардын укуктарын коргоо тууралуу коомчулукту маалымдоо саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө, өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан жарандардын укуктарын коргоо боюнча маалымат камтылган китепчелер, ошону менен бирге нааразыларды, суроолорду жана сунуштарды кабыл алуу үчүн МКМИнин маалымдаректери көрсөтүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу