Кыргызстанда мажбурлап банкроттоого мораторий киргизилди

Новости
02-Июнь 2020-ж.
3986

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы буйругуна ылайык КР Экономика министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменти тарабынан 2021-жылдын 1-январына чейин коронавирустун пандемиясынан жабыркаган ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулган.

Аталган буйрук учурдагы кырдаалга байланыштуу төлөөгө жөндөмсүз ишкердик субъекттерине башкача айтканда, өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө жагдай учурунда иштен жабыр тарткандарга жардам берүүгө багытталган.

Белгилүү болгондой, банкроттоо процесси карызкор (ыктыярдуу банкроттоо) тарабынан да, кредиторлор (мажбурлап банкроттоо) тарабынан да козголушу мүмкүн.

Мамлекет тарабынан банкроттук процессин демилгелөө (бюджетке карыздар, Соцфондго камсыздандыруу чегерүүлөр ж.б.) 2021-жылдын 1-январына чейин токтотулат. Ошону менен бирге карыз тарап жана жеке кредиторлор банкроттук процессин козгоо үчүн тиешелүү арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Бүгүнкү күндө республикада 340 компания банкроттун реестринде катталган

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу