РКӨФтөн каржылоо алуу үчүн ТЭНди иштеп чыгууга бизнес-долбоорлордун табыштамаларын тандоо

Новости
01-Июнь 2020-ж.
3815

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде БУУӨП “КМШ регионунда туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды бекемдөө” долбоорун ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча Кеңеш өз ишин улантууда.

Бул долбоордун алкагында ишкерлер жана бизнес компаниялары Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан андан ары каржылоо үчүн сапаттуу ТЭН / бизнес-пландарды даярдоодо техникалык колдоо ала алышат.

Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишкерлерге жана бизнес компанияларга өзгөчө көңүл бурулат, өз бизнесин кеңейтүүнү жана ушул долбоорго катышууну каалагандар (http://mineconom.gov.kg/ru/direct/7/179) сайтынан өтүнмө формасын жана тандоо критерийлерин жүктөп алса болот жана толтурулган арыздар Кеңештин катчылыгынын (fpp.invest@gmail.com) электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. Байланыш телефону: 0557 264525 (w/a).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу