Экономика министри Кыргызстандын ишкерлерин профессионалдуу майрамы менен куттуктайт.

Новости
19-Сентябрь 2013-ж.
2660

Урматтуу Кыргызстандын ишкерлери!

Сиздерди чын жүрөгүмөн профессионалдуу майрамыңыздар – Ишкерлердин күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат бериңиздер.
13 жыл бою Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү майрамдалып келе жатат, майрам биринчи жолу 2000-жылдын 20-сентябрында жарыяланган. Ушул жылдары бизнес – коомдун активдүү катышуусу менен ишкерлердин эки съезди өткөрүлүп, ата мекендик жана чет элдик товар өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен ар кандай бизнес жана инвестициялык форумдар өткөрүлгөн, бизнестин кызыкчылыгын илгерилетүү үчүн ишкерлер ар кандай ассоциацияларга жана бизнес түзүмдөргө кошулушкан.

Аны менен бирге ишкерлердин өзүнчө профессионалдуу майрамдары бар, үстүбүздөгү жылдын март айында биринчи жолу Соода кызматкерлеринин күнү бекитилип Өкмөт аппаратынын, Экономика министрлигинин, Рыноктор ассоциациясынын, Кыргызстандын кызмат көрсөтүү жана соода чөйрөсүндөгү ишкерлердин жана бул чөйрөдө иштеген кызматкерлердин катышуусу менен 6 - сентябрда салтанаттуу түрдө майрамдалган.
Бүгүнкү күндө бизнес биздин республиканын социалдык – экономикалык бейпилдиктин маанилүү фактору болуп калды. Ишкердүүлүксүз мамлекет гармониялуу өнүгө албайт, бул рыноктук экономиканын эң олуттуу элементи. Ишкердүүлүк көбүнчө чөйрөлөрдө дүң продуктунун структурасын жана сапатын, аны менен бирге экономикалык өсүштүн жана бүт бойдон өсүш темптерин аныктайт.

Өлкөнүн азыркы өнүгүүсүн ишкердүүлүксүз кароого мүмкүн эмес, анткени сиздердин ишиңиздер өндүрүштүн көлөмүнө, салыктын келип түшүшүнө, социалдык жана саясаттык туруктуулукка, жашоонун комфортун жогорулатуусуна оң таасирин тийгизет, ар кандай кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет. Бүгүнкү күндө ишкерлер жумушчу орундарды түзүүнү улантып, ишканаларды калыбына келтирип, дүйнөлүк соода рыногуна чыгып, ишмердүүлүктүн жаңы багыттарын өздөштүрүп келе жатышат.

Сиздерге чың ден соолук, бейпилдик, ийгилик жана баардык алдыга койгон максаттарга жетүүнү каалайм!

Министр Т. Сариев

Сыйлоо жөнүндө:

2013-жылдын 16-сентябрындагы министрликтин №196 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сыйлыктар жөнүндө Жобосуна ылайык, буйрук кылам:

1. «Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү» кесиптик майрамына байланыштуу жана республиканын экономикасын өнүктүрүүгө, реформаларды өткөрүүгө кошкон салымы жана иште кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн Министрликтин “Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен сыйлансын:

Халилов Гияс Исмаилович – «Лина» ЖЧКдун башкы директору;

Осмоналиева Айдай Алмазбековна – “Ишкердикти өнүктүрүү Фонд” МК ААКнун башкармалыктын төрайымы;

Эгембердиева Гуляим Чилтенбаевна – «Береке» ЖЧКнын директору.
2. «Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү» кесиптик майрамына байланыштуу жана ак ниет жана кынтыксыз эмгеги үчүн Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Алышбаева Клара Касымовна – Ысык-Көл облусунун, Түп районунун, Түп айылынын “Ак-Шуру” кооперативинин жетекчиси;

Зерний Ольга Александровна – «Мадина» соода-базар комплексинин директору;

Виленская Наталья Геннадьевна – «МГАТП№7» ААКнын коммерциялык иштери боюнча директордун орун басары;

Назаралиева Курманбека Куштаевича – Талас облусунун, Талас шаарынын жеке ишкери;

Тилемишова Женишкүл Асанкуловна – Ысык-Көл облусунун, Каракол шаарынын жеке ишкери;

Сагынбаева Эльмира Рыскуловна – Чүй облусунун, Сокулук районунун жеке ишкери;

Чолпонбаев Эркинбек Молдокулович – Чүй облусунун, Токмок шаарынын жеке ишкери;

Туманова Келдибека Тумановича – «Келечек» ААКнын президенти;

Алканова Райкана Алкановича - «Алкан базары» ЖЧКнын президенти;

Алимжанову Диляру Икрамовну – Кыргызстандын иштеп чыгаруучу ишканаларынын ассоциациясынын директору.

3. «Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү» кесиптик майрамына байланыштуу жана ак ниет жана кынтыксыз эмгеги үчүн ыразычылык билдирилсин:

Салиев Абдрахман Мухамедович – Чүй облусунун, Чүй районунун жеке ишкери;

Дэвид А.Грант – «Талас Коппер Голд» ЖЧКнын Башкармалыгынын төрагасы;
Тунгатаров Актилек Кырманчиевич – ЮЖУнун “Эл аралык ишкердик кеңеши” ассоциациясынын аткаруучу директору;

Макешов Чингиз Дуйшенкулович – Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясынын директору.

Министр Т. Сариев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу