КР Экономика министрлигинде мамлекеттик тилди окуу курсун жыйынтыктоо боюнча сертификат тапшырылды.

Новости
21-Июль 2013-ж.
2624

"IMGБүгүн, 2013-жылдын 22-июлунда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин конференц-залында, мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тил боюнча окуу курсун ийгиликтүү жыйынтыктагандарга сертификат тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Аземге Министрликтин жетекчилеринен тышкары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өкүлдөрү жана министрликтин кызматчылары катышты.

Сертификаттарды Министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова тапшырды.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү үчүн шарттарды түзүүдө.

Айтылган иш-чаралардын планы, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программасы Министрликтин 2013-жылдын 15-мартындагы №57 буйругу менен бекитилген.

Мамлекеттик кызматчыларга мамлекеттик тилди окутуу багытында Министрлик алдынкы жогорку окуу жайлар жана окутуу мекемелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен макулдашууга жетишкен.

Кызматкерлердин тестирлөө жыйынтыгы боюнча 3 дэнгээлдеги - башталгыч, орто жана улантуучу топтор түзүлүп, 33 кызматкер курсту ийгиликтүү бүтүп сертификат алды.

Министрлик, мамлекеттик тилди өздөштүрүү багытында башка чараларды да пландаштырууда. Ал эми мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча курстар күзүндө ушул эле топторго жана катышпай калган кызматчыларга кошумча топ уюштурулуп, улантылат.

Белгилей кетсек, аталган 3-айлык курстар Министрликтин каражаты менен өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу