ААК "ККСК" бонкрот болгондугу жөнүндө соттун чечими чыккан учурда реструктуризация ыкмасы колдонулат

Новости
16-Июль 2013-ж.
2467

Кыпгыз Республикасынын экономика Министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаментине 2013-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинен жана 2013-жылдын 13-майында Свердловск районунун мамлекеттик салык кызмат Башкармалыгынан «ККНК» ААК нын Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна 346 483 160 жана Свердловск районунун мамлекеттик салык кызмат Башкармалыгына 26 511 214 сом карыз болгондугуна байланыштуу, «ККНК» ААКга карата банкроттук жол жоболорду жүргүзүү демилгеси жөнүндө кайрылуу түшкөн. Техникалык кредиттер Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусу тарабынан 1996-жылы берилген.

Азыркы күндө ишкана 3 жылдан ашык убакыт бою иштебей, Свердловск районунун мамлекеттик салык кызматы Башкармалыгынын маалыматына боюнча учурдагы төлөмдөр бюджетке төлөнбөй келет. Банкроттук иштер боюнча департаменти 2013-жылдын 28-майында экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотуна «ККНК» ААКга карата банкроттук жол жоболорду жүргүзүү ишин козгоо жөнүндө арызын берген.

Соттун чечими чыкканга чейин карызкордун активдерин соктап калуу максатында, Банкроттук иштер боюнча департаментинин сунушунун негизинде жана соттун 2013-жылдын 10-июнундагы аныктамасына ылайык Б.С.Майлыбаев «ККНК» ААКнын убактылуу администратору болуп дайындалган. Ошондой эле 2013-жылдын 10-июнундагы аныктамасы менен сот Нурманбетов Э.Б. арызды өз карамагына калтырып, ишти негизине карата кароону 2013-жылдын 17-июлуна белгиледи. «ККНК» ААКнын убактылуу администратору Б.С.Майлыбаевдин отчету боюнча «ККНК» ААКнын мамлекет алдындагы кредитордук карызы 435 990 608 сомду түзгөн, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна - 346 483 160 сом; Свердловск районунун социалдык фонд Башкармалыгына - 41 806 248 сом; Свердловск районунун мамлекеттик салык кызмат Башкармалыгына -47 701 200 сом; Андан сырткары «ККНК» ААК айлык акы боюнча жана жеке кредиторлорго дагы карызы бар.

Эгерде, сот банкрот (кудуретсиздик) жөнүндө чечим кабыл алса анда «ККНК» ААКна банкроттук жол жоболорду жүргүзүүгө атайын администрациалоонун реструктуризация ыкмасы колдонулат. Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамынын 55-статьясына ылайык, реструктуризация ыкмасы - ишкананын профилин сактап калуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана салык төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында, банкрот болгон карызкордун жашоого жөндөмдүү активдеринин негизинде жаңы юридикалык жак (ишкана) түзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу