Экономика министрлигинин кызматчыларын Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин куну- кесиптик майрамы менен Премьер-министрдин куттуктоосу.

Новости
06-Июнь 2013-ж.
3791

Урматтуу Темир Аргембаевич,

Сизди жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызматчыларын Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктон куттуктаймын.

Өлкөбүздогү жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда министрликтин ролу өтө маанилүү. Элибиздин бакыбаттыгы, инвестициялык климаттын жакшырышы жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өңүгүшү Сиздердин ишиңиздерден түздон-түз көз каранды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшүнүн приоритеттери белгиленип, аларды ишке ашырууда министрликтин ролу негизгилерден болуп эсептелет. Коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу Сиздердин колуңардан келет деп ишенем.

Сизге ушул күнү чыныгы оптимизмди, ден соолукту, бейпилдикти жана ошондой эле бардык белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалайм.

Урматтоо менен, Ж.Ж. Сатыбалдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу