Бишкекте Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча Форум өтөт.

Новости
20-Май 2013-ж.
2501

2013-жылдын 23-24 майында «Хайятт Ридженси Бишкек» мейманканасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча Форум болуп өтөт. Бул жөнүндө КР Экономика министринин орун басары Муканбетов Санжар жана МЖӨ жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Максутов Нурбек Кабар” КУМАдагы пресс-конференциянын жүрүшүндө маалымдашты.

""С. Муканбетов белгилеп өткөндөй, бул Форум, инфраструктура жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү МЖӨ өнүктүрүүнү; бүгүнкү күндөгү МЖӨнүн институционалдык жана мыйзам чыгаруу аспектилеринин маселелерин талкуулоо; МЖӨ үчүн чөйрөнү мындан аары жакшыртуу үчүн кийинки керектүү реформалар боюнча кадамдарды иштеп чыгуу (финансылык, институционалдык, укуктук жана регулятивдик механизмдерди жакшыртуу же түзүүнү кошкондо); жана Өкмөт үчүн маанилүү тармактын жана жеке сектордун аларга катышуусу үчүн МЖӨнүн алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттин Өкмөтү жактай турганын көрсөтүүнү ниеттендирет.

Мындан тышкары, МЖӨ боюнча Форум МЖӨ үчүн жагымдуу шарттарды мындан ары да бекемдетүү максатында мындан аркы реформаларды (АӨБ инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча долбоорунун колдоосунун алдында жүргүзүлөт) толуктоого жана бекемдөөгө умтулат, аны менен бирге, мыкты эл аралык практикага ылайык МЖӨ өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттардын ажырагыс бөлүгү катары финансылык колдоо механизмин жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча МЖӨ долбоорун жаратууда консенсуска жетишүү.

Министрдин орун басарынын сөзү боюнча, борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик мекемелерде, МЖӨ тармагында бүткүл дүйнө жүзү жана Борбордук-Азия регионундагы башка мамлекеттерде орун алган энергия жана суу менен камсыз кылуу, туризм, саламаттыкты сактоо, акы төлөнүүчү жолдор, аэропорттор, жолдорду жарык кылуу, унаа токтотуучу жай (КР ушул жактагы долбоорлорду өнүктүрүп баштады) тармакчаларда жана тармактарда ийгиликтер жана ийгиликсиздиктеринен сабак алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бул Форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын борбордук жана жергиликтүү бийлик тараптын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү МЖӨгө КР Өкмөтүнүн кеңири жактоосун көрсөтүү үчүн пленардык отурумдарда жана сектордун отурумдарында активдүү катышышат. Чет элдик мамлекеттик жана жеке мекемелердин тармактары МЖӨ өнүктүрүү тажрыйбасын таратуу, КР алкагында МЖӨ каркасын жаратууга жардам көсөтүү максатында катышышат.

Форумдун биринчи күнү институционалдык, финансылык жана ченемдик укуктук тармак жактан МЖӨ үчүн жагымдуу шарттарды өнүктүрүү, ошону менен бирге азыркы күндө республикадагы ар бир тармактын алкагында жетишкен прогресстерге багытталат. Мындан тышкары, башка мамлекеттердин МЖӨнүн ар кандай этабындагы даярдыгынын, эл аралык банктардын атынан финансы секторунун өнүгүү перспективалары, эл аралык финансы институттардын жана инвесторлордун капиталы боюнча тажрыйбалары көрсөтүлөт.

Экинчи күндүн жүрүшүндө, Форум, мамлекеттин ар башка секторунда иштелип чыгуучу кыска жана орто мөөнөттөгү МЖӨ өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн перспективасына көңүлүн топтойт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу