Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө

Новости
16-Март 2020-ж.
3923

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 155 “Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынгандыгын кабарлайт, социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине төмөнкү тамак-аш азыктары киргизилген:

1. Буудай, кара буудай уну

2. Нан 

3. Пастеризацияланган сүт, майлуулугу 2,5- 3,2%

4. Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта)

5. Каймак майы

6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти, канаттуулардын эти)

7. Кумшекер

8. Күрүч

9. Макарон азыктары

10. Тоок жумурткасы

11. Картошка.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу Тартибине ылайык баалардын максимумдук деңгээлин белгилөө менен мамлекеттик жөнгө салуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу