КР региондорун туруктуу өнүктүрүү үчүн бизнес-долбоорлордун билдирмелерин тандоо

Новости
12-Март 2020-ж.
4339

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде ПРООНдун “КМШ регионунда туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча кеңеш өз ишин улантууда.

2020-жылдын 11-мартында статс-катчы Айдин Шаршеевдин катышуусунда Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү, анда катышуучулар анда катышуучулар ПРООНдун “КМШ регионунда туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорунун техникалык колдоосу менен ТЭН (бизнес-планын) иштеп чыгууга бизнес-долбоорлордун кезектеги табыштамаларын жактырышты.

Белгиленгендей, бул өтүнмөнүн маалыматтары Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келип түшкөн жана ишкердик чөйрөсүн камтыйт:

- бышкан кирпичти өндүрүү;

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, компот үчүн концентрат жана компоттун өзүн өндүрүү;

- грек жаңгагын сорттоо жана кайра иштетүү менен аны чет өлкөлөргө экспорттоо. 

Ошондой эле кеңештин катышуучулары тарабынан бизнес-долбоорлордун өтүнмөлөрдү тандоо критерийлерине КР экологиялык нормаларын сактоону алдын ала караган кошумча пункттарды (критерийлерди) киргизүү чечими кабыл алынды.

Өз бизнесин кеңейтүүнү жана бул долбоорго катышууну каалаган республиканын региондорундагы ишкерлерге тандоо критерийлерин жана билдирменин формасын (http://mineconom.gov.kg/ru/direct/7/179) сайты аркылуу көчүрүп алууга жана толтурулган арыздарды Кеңештин катчылыгынын fpp.invest@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө болот. Байланыш телефону: 0557 264525.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу