Түштүк региондор аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте “Сени алдоого жол бербе” тегерек столун өткөрүштү.

Новости
03-Декабрь 2012-ж.
2564

2012-жылдын 30-ноябрында Ош шаарында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын конференц-залында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан уюшулган Сени алдоого жол бербе” темасындагы тегерек стол болуп өткөн.

Тегерек столго” Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы директору Султан Ахматов, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги Искандарбек Маматов, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору департаментинин, бизнес-коомчулуктардын, ишканалардын жана уюмдардын жана жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Мындай тегерек столду өткөрүүнүн максаты ченөөнүн анык эмес натыйжаларынын кесепеттеринен мамлекет тарабынан коргоо боюнча жарандардын укуктары жөнүндө коомчулукту маалымдоо болуп эсептелет.

Тегерек столдун жүрүшүндө арыздарды, суроолорду жана сунуштарды кабыл алуу үчүн ченөөнүн анык эмес натыйжаларынан коргоого жарандардын укуктары жөнүндө маалымат жана Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын реквизиттери менен баракчалар презентацияланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу